ЖК жыйынында “Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору2- окууда каралды.

Мыйзам долбоору менен «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны  өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске “сергитүүчү алкоголсуз ичимдик”, “сергитүүчү алкоголу аз ичимдик” деген түшүнүктөрдү жана алардын аныктамаларын, ошондой эле көрсөтүлгөн продукцияларынын күндөлүк таратылышына жана алардын жеткиликтүүлүгүнө чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган ченемдери киргизүү сунушталат, ошондой эле алкогол тармагында атаандаштыкты өнүктүрүүгө терс таасир этүүчү ченемдерди мыйзамдын алып салуу сунушталып жатат.

Мыйзам долбоору менен акциздик салыкты төлөө менен лицензия алган күндөн тартып он эки айдын ичинде 200,0 миң далдан кем эмес этил спиртин өндүрүүнү камсыз кылуу маселеси алынып салынууда. Ошону менен катар этил спиртин өндүрүү боюнча ушул талап алкоголдук жана азыктык продукцияларды чыгаруу менен байланышпаган, этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөр жана субъекттер үчүн арналган этил спиртин өндүрүүгө жайылтылбастыгы да алынууда.

Талкууда депутат Алмазбек Баатырбеков мыйзам долбоору кабыл алынса, сапатсыз алкоголь ичимдиктери чыга баштаарына, көзөмөл жоголооруна өз жүйөөлөрүн келтирүү менен мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Мындай пикирди улаган депутат Өмүрбек Текебаев алкоголдук продукция өндүрүүчүлөргө минималдык талап коюлбаганы туура эмес дейт. Депутат Гүлшат Асылбаева эгер талап коюлса баардык алкаголдук ичимдиктерге бирдей талап болушу керектигин айтты. Депутат Алмазбек Токторов энергетикалык ичимдиктердин баардыгына тыюу салуу керектигин, алкаголь ичимдиктерин мектептерге жакын жерлерде саттырбоо зарылдыгын белгиледи. Депутат мындай маселеге учкаштырып, лобби жасалган мыйзам долбоору сунушталып жаткандыгын кошумчалады.

“Монополия деген түшүнүк болбош керек, эркин атаандаштык болушу керек”,- деген депутат Алтынбек Сулайманов мыйзам долбоорун колдоого алды.

Депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоорундагы 2-окуунун режимине алып келип, аны эки башка мыйзам долбоору кылып алып чыгууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында бул маселе күн тартибинен алынып салынды. Аталган маселе эми тармактык комитетте кайра карала турган болду.