Мас абалында чоң энесин мыкаачылык менен өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 2015-жылдын 1-сентябрында саат 17:30 чамасында болгон.

«26 жаштагы Алишер Кыргызбай уулу мас абалда чоң энеси О.Тны эч себепсиз таяк менен башка чаап, өзүн жоготуп койгон учурда дөңгөч менен башына 3 жолу чаап жиберген. Натыйжада О.Т. алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон. Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмү менен Алишер Кыргызбай уулу (билими орто, эч жерде иштебеген, үй-бүлөлүү, 1 баласы бар, мурда соттолбогон) «алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамды, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү» боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Соттун жогоруда айтылган өкүмү менен макул болбой соттолуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, Алишер энесин атайылап өлтүрбөгөндүгүн көрсөтүп, соттолуучунун кылмыш аракетин «Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу» беренесине которууну суранган.

Жалал-Абад облустук соту кылмыш ишти карап, соттолуучунун жактоочусунун даттануусун канааттандыруусуз калтырып, өзүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2016-жылдын 21-сентябрындагы өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.