Түркмөнстан Казакстандын чек арага жакын жашаган тургундары үчүн өлкөгө кирүү жеңилдиктерин убактылуу токтотту.

Бул тууралуу Казакстандын Мангистау облусу боюнча мамлекттик кирешелер департаменти билдирди.

Түркмөнстан эмне себептен чек арадагы коопсуздук чараларын күчөткөнү азырынча айтыла элек. Департаменттин маалыматына караганда, мындай чаралар болжол менен дагы бир нече күнгө созулат.

Казак-түркмөн чек арасында «Темир-баба» унаа жана «Болашак» темир жол өткөрмө бекеттери иштейт.

Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Казакстандын Атырау жана Мангистау облустарында туруктуу жашаган жарандар Түркмөнстандын Балкан аймагына визасыз беш күн кирип-чыга алышат.