Адам укуктарына байкоо салуу боюнча Сириядагы борбор президент Башар Асаддын аскерлери Алеппону толугу менен өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Ошол эле маалда куралдуу оппозициянын эки өкүлү жай тургундар менен куралдарын таштаган көтөрүлүшчүлөрдү эвакуациялоо азырынча аяктай электигин, дагы дээрлик эки миң кишини чыгаруу керектигин айтышты.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, эл аралык байкоочулардын бири көтөрүлүшчүлөр азырынча Алеппонун батыш тарабындагы анча чоң эмес аймакты кармап турганын билдирди. Буга чейин гуманитардык жана медициналык миссиялардын жетекчилери 4 жылдан бери көтөрүлүшүлөрдүн көзөмөлүндө болуп келген шаардын чыгыш бөлүктөрүн бир жарым миң киши таштап кеткенин кабарлашкан.

Шаршембиде БУУнун Башкы Ассамблеясы Сириядагы согуштук кылмыштар фактылары боюнча кылмыш иштерин даярдоо үчүн көз карандысыз эл аралык комиссия түзүүгө ниеттенүүдө. Резолюция долбоору АКШ, Франция, Улуу Британия, Италия, Германия, Түркия, Сауд Арабия өңдүү 54 өлкөнүн колдоосу менен Лихтенштейн тарабынан даярдалган.

БУУнун 2011-жылы түзүлгөн Сириядагы абалды иликтөө комиссиясы согуштун жүрүшүндө жай тургундар менен туткундарга ырайымсыз мамиле кылуу фактылары боюнча бир нече баяндама даярдады. Андай маалыматтарды жарандык активисттер да сотко берүүгө даяр.