Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады.

ЕЭК кеңешинин жыйынында Кыргызстандын өкмөтүнүн делегациясын вице-премьер-министр Олег Панкратов жетектеген.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлдү.

Жыйын жүрүшүндө ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү бир катар маанилүү маселелерди талкуулады, алар төмөндөгүлөр:

  • — Алып кирүүчү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү нормативдери жөнүндө;
  • — «Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин чечим долбоорлору жөнүндө;
  • — Бажы-тарифтик жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө;
  • — Евразиялык өкмөт аралык кеңешинин 2016-жылдын 27-октябрындагы № 15 «ЕАЭБ алкагындагы товарларды көзөмөлгө алынуу механизми тууралуу келишим долбоору жөнүндө:
  • — ЕАЭБ бажы аймагында жана ЕАЭБ бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык көзөмөлгө алынуучу Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
  • — Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин « Евразия экономикалык комиссиясынын чектеш рыноктордогу атаандаштык абалы жана атаандаштыктын жалпы эрежесинин бузулушуна жол  бербөө боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу» жылдык отчету жөнүндө;
  • — «Евразиялык өнөр жай кооперация жана субконтрактация тармагын түзүү концепциясы тууралуу».

Талкуу жыйынтыгында ЕЭК Кеңеш мүчөлөрү жыйындын күн тартибине киргизилген документтердин көпчүлүк бөлүгүн жактырып, кол коюшту. Айрым документтерди Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибине киргизүү үчүн кайрадан иштеп чыгууга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Буга катар ЕЭК кеңешинин  мүчөлөрү Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны 2017-жылдын 13-январында Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөөрү тууралуу чечим кабыл алышты.