Азербайжандын баш калаасы Бакуда курулган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылыш аземине барган ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков, иш-чаранын алкагында Казакстан парламентинин Межлисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки боордош мамлекет ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү тууралуу баарлашып, парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо маселелерине токтолушту.

Чыныбай Турсунбеков быйыл Казакстан ТүркПАга төрагалык кылып турган учурда уюм катчылыгынын жаӊы имаратынын ачылышын жакшы саамалык катары баалады.

«Бир тууган кыргыз-казак элдеринин ортосунда пикир келишпей турган маселе болбошу керек. Андыктан, эки өлкөнүн кызматташуусуна зарыл болгон маселелерди биргелешип чечишибиз шарт»,- дейт Турсунбеков.