Улуттук энергохолдинг Токтогул ГЭСинин бир гидроагрегаты иштен чыгып калганын 6 күндөн бери жашырып келгенин ЖК жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

«Көрсө, №2 гидроагрегатынын 500 кВ чыӊалуудагы кабелинин ичинде температура кескин көтөрүлүп кеткендиктен, ал автоматтуу түрдө токтотулган экен. Былтыр дагы так ушул мезгилде Токтогул ГЭСинде авария болуп, ремонттон өткөрүлгөн», — дейт.

Эл өкүлү компания башчысы Айбек Калиев Азия өнүктүрүү банкынан 450 млн доллар каражат алганын, эми Токтогул ГЭСинде авария болбой турганына ишендиргенин эске салды.

«Адамдын атасы өлсө деле угузат экен. Эмне үчүн Улуттук энергохолдинг алты күндөн бери авария болгонун жашырып жатты. Компаниянын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу зарыл. Жаӊы жылда жарык болобу же калкыбыз караӊгыда каман күркүрөйт болуп отурабы?», — деди Рыскелди Момбеков.