Кабулда Ооганстандын парламент мүчөсүнүн үйүнө куралдуу чабуул жасалып, кеминде беш киши каза болду.

Бул тууралуу ооган бийлиги менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө. Полициянын маалыматы боюнча кечээ кечинде куралдуу үч адам Гильменд провинциясынан депутат Мир Валинин үйүнө кирип барып, жардыруу жасашкан.

Tolonews.com жаңылыктар сайты мерт кеткендердин арасында депутаттын эки небереси, 25 жаштагы уулу жана эки күзөт кызматкери болгонун билдирүүдө. Маалыматтар боюнча Мир Валинин өзү качып кетүүгө үлгүргөн. Үйдүн ичинде депутаттын башка үй-бүлө мүчөлөрү жана меймандары да болгон болушу мүмкүн.

«Талибан» чабуулду алдыдагы коопсуздук орган өкүлдөрүнүн маанилүү жолугушуусуна тоскоолдук кылуу максатында кыймылдын жанкечтилери жасаганын билдирди.

Tolonews шаршемби күнү кечинде жергиликтүү тургундарга шилтеме кылуу менен үйдө атышуунун үндөрү угулуп жатканын жазган. Кол салуу болгон жерге бийлик полициянын атайын тобун жөнөткөн.