ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблея (ТүркПА) катчылыгынын Бакуда (Азербайжан) ачылган жаӊы имаратында Түркия Республикасынын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, саясий-гуманитардык алакаларды жакшыртуу жана парламенттер аралык мамилени чыӊдоо жаатында пикир алышты.

Чыныбай Турсунбеков кесиптешине Түркияда болуп жаткан террактык окуяларга байланыштуу көӊүл айтып, кыйынчылык учурларда Кыргызстан түрк элин колдоого даяр экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Түркия парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман да кыргыз-түрк элдери кыйын учурда бирге болуусу шарт деген оюн айтты.

«Бул үчүн парламенттер аралык байланыштарды чыӊдоо зарыл», — деди.