Президент Алмазбек Атамбаев Япония императору Акихитону туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчысы кыргыз-япон кызматташтыгы мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү диалог багытында өнүгө турганына ишеним билдирди.

«Япония өкмөтүнүн өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана демократиялык коомду курууга көрсөтүп жаткан колдоосун жана көмөгүн   Кыргыз Республикасы жогору баалайт», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.