Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Шавкат Мирзиёевди Иерусалимге келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу израиль өкмөт башчысынын өзбек президенти Мирзиёевге жөнөткөн куттуктоо катында жазылган.

«Израиль өкмөтүнүн атынан сизди Өзбекстандын президенти кызматына шайланышыңыз менен куттуктайм. Өсүп-өнүгүүгө багыт алган жолдо өлкөңүздүн албан ийгиликтерге жетишин каалайм», – деп айтылат израиль премьеринин куттуктоосунда.

«Келе жаткан жылы Израиль менен Өзбекстандын ортосундагы байланыштар бекемделет деген үмүттөмүн. Сизди мүмкүнчүлүгүңүз болору менен Израилге келип кетүүгө чакырам. Сизди Иерусалимде тосуп алып, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүндүктөрүн талкуулоого кубанычта болом», – деп билдирген Нетаньяху.

2003-жылдан бери Өзбекстан өкмөтүн жетектеп келген Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.