Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-декабрда саат 19:47де республиканын аймагында очогунда 4-4,5 баллдын тегерегинде болгон жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан.
Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагынын Кең-Суу, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз, Кургак, Таш-Короо, Энильчек айылдарында 3 балл сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор жок.