Кечээ саат 14:19 чамасындаЧүй проспектиси №158 дарегинде 3 кабаттуу мурдагы “Айпери” маданият үйүнүн, 2-кабатында жайгашкан “Center bar” кафесинде өрт чыккан.

Ал жерде коюу түтүн каптап  калган жана имараттын чатырында жайгашкан желдетүүчү шахтасынын ичинде жыйылган болжол  менен  1 тоннага жакын (толь) рубероид күйгөн.

Өрт саат 15:54дө чектөөгө алынып, саат  21:14дө толук өчүрүлгөн.  Өрттөн кафедеги телевизорлор, муздаткычтар, компьютерлер, жылыткычтар, асма шамдар, караоке аппараты, столдор, стулдар, шкафтар, дивандар, терезелер    күйүп,  эсеп  кысап  бөлмөсү  менен  суусундуктар  сакталуучу  кампасын   бөлүп  турган  жыгач  дубалы (перегародка), гипсокартондон  капталган шыбы күйгөн.

Жабыркагандар жок.

Өрттүн себеби жана материалдык чыгымы такталууда.