Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен полиция 21-декабрда экстремисттик «Ат-Такфир уаль-Хиджра» уюмунун уячаларын жок кылуу боюнча операцияны аягына чыгарды.

Диний кастыкты козутууга айыпталып 33 киши кармалды. Алардын ичинен жетөө «Ат-Такфир уаль-Хиджра» уюмунун активдүү мүчөсү катары камалды. Бирөө эч жакка чыкпоо боюнча тил кат берип бошотулду. Уюмдун катардагы мүчөлөрү делген дагы 17 киши тергөөдө күбө катары өтмөй болду.

Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, «Ат-Такфир уаль-Хиджра» уюмунун тарапташтарынын үйлөрүн тинтүү учурунда диний материалдар, компакт-дисктер, компьютердик техника жана ири суммадагы акча табылган. Тергөө уланууда.