Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн буйрукка кол койду.

Ага ылайык, экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү аткарбыгындыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Аталган чечим вице-премьер-министр жана өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы өкмөттүн Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн кызматтык катынын негизинде кабыл алынган.