Рейд учурунда, экотехинспекциянын Майлуу-Суу жана Ноокен району боюнча бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан Кочкор-Ата шаардык борбордук базарынын «Эдем + К» соода базарынын алдында Рустамбек Батиров аттуу жаран эч кандай уруксат берүүчү документтери жок мыйзамсыз 306 даана «Сига», «Сазан», «Жылан балыгы», «Щука» жана «Форель» балыктарын сатып жаткан жеринен кармалды.
Материал Ноокен райондук сотуна өткөрүлүп берилди жана сот тарабынан Рустам Батиров күнөлүү деп табылып ага 5000 сом айып салынып, 306 даана балык мамлекет пайдасына конфискацияланды.