Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчыга ведомство ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди.

Тактап айтканда, Уран Ахметов министрлик тараптан ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзам чыгаруу пландары жана 2016-2020-жылдарга калктын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле ал маалымдагандай, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган «Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык көмөк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мамлекет тараптан кепилденген кесипкөй юридикалык көмөккө жеткиликтүү жактардын чөйрөсү кеңейтилген.

Буга байланыштуу учурда жогорку Мыйзамды ишке ашыруу максатында мамлекет тараптан кепилденген юридикалык көмөктү коррдинациялоо боюнча Юстиция министрлигинин борборун түзүү боюнча иштер жүрүүдө.

Премьер-министр нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, нотариат жана адвокатура тутумун өркүндөтүү боюнча ведомствонун ишин активдештирүүнү тапшырды.