Европа биримдиги Украинага каржылык жардамынын 55 миллион евро өлчөмүндөгү экинчи траншын которду. Бул тууралуу Украинанын Каржы министрлигинин сайтына жазылды.

Акча улуттук валютада алынып, мамлекеттик бюджеттин жалпы фондунун чыгашаларын каржылоого жумшалат.

Каражат Еврокомиссия Украинадагы мамлекеттик башкаруу, жемкорлукка каршы жана шайлоо мыйзамдарында жүргүзүлгөн реформаларга баа бергенден кийин бөлүндү.

Каржылоо боюнча Украина менен ЕБдин ортосундагы келишимге 2014-жылы кол коюлган. Ошол эле жылы бөлүнгөн биринчи транштын суммасы 250 миллион еврону түзгөн.