Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук корголушунун абалы жөнүндө атайын баяндамасы угулууда.

Жыйынга вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков баштаган өкмөт мүчөлөрү, ички иштер министрлигинин жетекчилери катышып жатат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин социалдык-укуктук жактан корголушу жаатындагы көйгөйлөр көп жылдардан бери чечилбей келет.

«Өзгөчө милиция кызматкерлеринин эмгек акысынын аздыгын, мамлекеттик социалдык кепилдиктеринин аткарылбаганын, паек өлчөмүнүн төмөндүгүн, пенсия өлчөмүнүн бир түрдүүлүгүн камсыздоо чараларынын көрүлбөгөнүн өзүнчө бөлүп көрсөтсө болот», — дейт ал.

Акыйкатчынын айтымында, ички иштер органдарына мониторинг жүргүзүлүп, 1324 кызматкерге анкета таркатылган. Сурамжылоо жыйынтыгында башка күч органдарына салыштырмалуу милиция кызматкерлеринин күнүмдүк паегу 34 сомду, эӊ чоӊ маянасы 14 миӊ сомду гана түзө турганы белгилүү болгон. Алардын пенсиясы прокуратура органдарында, атайын кызматта, сот тутумунда иштеген адамдарга салыштырмалуу кыйла аз. Милиция кызматкерлеринин профсоюздук уюму да жок.