Бүгүн Оруссиянын белгилүү кинорежиссерлору, актёрлору, актрисалары, кино сынчылары, журналисттерден турган  делегация Ош шаарына келишти. 

Алардын катарында АССРдин Эл артисти Людмила Чурсина, Орусиянын Эл артисти Федор Добронравов да бар.  Конокторду Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер жана жаштар “Ош-Эл Аралык” аэропортунан тосуп алышкандыгы тууралуу мэриядан билдирди.

Белгилей кетсек, 19-23-апрель күндөрү “Орусия киносунун жумалыгы” өтөт. Анын негизинде “Семетей” кинотеартында  Орусиянын мыкты кинолору көрсөтүлүп, талкууланат.

Ошондой эле кыргыз фольклордук ансамблынын концерти, “Оштун Алтын колдору” аттуу сүрөт, кол чеберчилик, кулинардык көргөзмө уюштурулат.

index