Ош шаарынын жаштары үчүн калаа башчысынын жаңы жылдык кечеси болуп өттү.

Майрамдык кечеге 600дөн ашуун жаштар катышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жаштарды келе жаткан жаңы 2017-жылы менен куттуктап, өнүгүү жолунда бара жаткан шаардын келечек пландары менен бөлүштү. Ошондой эле, жаштарды татыктуу билим алууга, өлкөнүн гүлдөп өсүүсүнө биргеликте салым кошууга үндөп, кайдыгерлик менен достошбоого чакырды.

Кеченин алкагында Айтмамат Кадырбаев 2016-жылы республикалык олимпиададан алдынкы орундарды багындырган, президенттик стипендияга жетишкен студенттерди, республикалык жана эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга жетишкен спортчуларды, айтоор өлкөнүн, анын ичинде Ош шаарынын намысын коргоп, жетишкендиктерге жеткен жаштарга атайын белектерди тапшырды.

Мындан сырткары, жаңы жылдык балатынын катышуучуларынын арасында интелектуалдуу оюндар уюштурулуп, бий сынактары өттү. Ошондой эле, майрам эстрада жылдыздарынын жана “Мурас” тобунун чоң программадагы концерти менен коштолуп,жаштар үчүн дискотека болду.

Интелектуалдык сынактардын бири бул Ош шаары, өнүгүү жолунда жана шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев  туурасында ыр саптарын жазуу болду. Жыйынтыгында аталган жаш активистер мэр Айтмамат Кадырбаевдан улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалынын топтомун, уюлдук телефон, кол саат, галстук, жана портфель белекке алышты.

Аны менен катар, түрдүү конкурска катышып, жеңүүчү аталган студенттер акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон, планшет, түстүү сыналгы, үй техникаларын утушту.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жаштар үчүн арналган жаңы жылдык кечеси майрамдык фейерверк  менен жыйынтыкталды.