Быйыл кыргыз элинде кырсыктын айынан бир нече жоготуулар болду.

Сөздүн башында Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрттөн 14 кыргыз кызы каза болгонун айтпасак болбойт. Жаш кыздардын каза болушу кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду. Алардын сөөгү Кыргызстанга алынып келип, аза күтүү күнү жарыяланды.

Ошол эле учурда Бишкек-Ош жолунда Суусамыр өрөөнүндө «Мицубиси Лансер» жана «Фольксваген Пассат» унаалары кагылышкан.

Жыйынтыгында Мицубисинин ичиндеги 4 адам, Фольксваген Пассаттын ичинде бараткан 5 адам каза болгон. Эң жаманы төрөлгөнүнө 1 ай болгон эгиз балдардын каза тапканы.

Кыргызстан жол кырсыктарынан болгон өлүм боюнча 2-орунда турганы да белгилүү болду.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөлөрү боюнча 2013-жылы жол кырсыгынан 1,25 млн адам каза тапкан.

Аналитиктер 100 миң адамга туура келген 150 өлкөдөгү жол кырсыгынан болгон өлүмдүн деңгээлин салыштырып көрүшкөн. Мурунку ССРБ мамлекеттеринин ичинен Казакстан биринчи, ал эми Кыргызстан экинчи орунга чыккан.

Тизме боюнча Казакстанда 100 миң адамга 24,2 өлүм туура келет. Кыргызстанда 22 адам каза табат. Үчүнчү орунда Орусия турат.

Постсоветтик прибалтика өлкөлөрү жол кырсыктарынан каза тапкандардын саны боюнча артта. Көрсөткүч боюнча Литва — 10,6га, Латвия — 10го жана Эстония — 7ге чыккан.

Ал эми жардыруу тууралуу айта турган болсок, башкы прокуратуранын кызматкеринин унаасын өзүнүн жакын тууганы жардырган. Ал мындай кадамга карыздын айынан барган экен. Тилекке каршы прокуратура кызматкери оң көзүнөн жана колунун билегинен айрылган.

Кыргызстан Эгемендүүлүк күнүн белгилегенге бир күн калганда эртең менен саат 9:40 чамасында жанкечти-террорчу Кытайдын Бишкектеги элчилигине жардыргыч зат коюлган унаа менен кирип барып, өзүн жардырган. Маалыматтар боюнча, жардыруудан Кыргызстандын эки жараны –элчиликтин кароолчулары жеңил жаракат алышкан.

Кырсык каш-кабактын ортосунда деген сөз бекерине айтылып калбаса керек. Ошондуктан келе жаткан жылы бөөдө кырсыктан жана жаманчылыктан алыс бололу.