Кошмо Штаттар сириялык козголоңчуларга жеңил зениттик-ракеталык комплекстерди берүүнү пландаган жок. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер маалымдалды.
Орусия буга чейин АКШны сириялык оппозицияга бир киши көтөрүп жүрө алчу зениттик-ракеталык комплекстерди берүүгө күнөөлөп, курал жихадчылардын колуна өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонгон.
Тонердин айтымында, Орусия АКШны биринчи жолу айыптап жаткан жок. Бирок АКШ сириялык оппозицияга эч кандай зениттик-ракеталык комплекстерди бербегендиги — факт.
«Биз буга чейин деле буга окшогон чечендикти көргөнбүз. Зениттик-ракета ташуучу комплекстер боюнча позициябыз өзгөргөн жок. Эгер бул типтеги курал Сирияга жетсе, катуу бушайман болмокпуз»,-деди мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын өкүлү.
Буга чейин Орусия ТИМи Барак Обама кол койгон АКШнын коргонуу бюджети тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөндөй, Сириядагы өкмөткө каршы күчтөргө курал-жарак берилсе, абал курчуп, жаңы курмандыктар болорун айткан.