Шаардык кеңештин 29-чакырылышындагы депутаттар мандаттарын алышты.

Мандатты БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.

Шайлдабекованын айтымында, бул шайлоо жаңы тандоо модели менен өттү.

«Саясий күрөш болбостон, партияларынын программаларын көрсөтүп, шайлоочуларды тартуу аракети болду», — дейт ал.

11-декабрда шаардык жана жергиликтүү кеңеш депутаттарынын шайлоосу өттү.