ӨКМ билдиргендей, бүгүн түндө көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-декабрда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт