Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура КТРК  борбордогу Ош базарында өлгөн малдын эти сатылары тууралуу көрсөтүү көрсөтүлгөн соң иликтөө баштаган.

Анын негизинде 28-декабрда шаардык прокуратура бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “алдамчылык”, “мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү” беренелери боюнча иш козгоду. Ошондой эле бул окуя боюнча мурдараак Ленин райондук милициясынын кызматкерлерине карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш ачылган.

Буга чейин КТРКда өлгөн малдын этин сатуу боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, эфирге чыгарган.