Экономика министрлиги Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун “Кыргыз республикасынын соода тармагына көмөк” деген долбоору менен биргеликте  Call-борборун түздү.

Call-борбор ишкерлерге жана жалпы элге маалымат берип, анын негизги максаты өлкөдөгү соода-сатык, ишкерлик эрежелери боюнча, ЕАЭБдин шартындагы жаңы жоболор, ВСП+ боюнча консультациялык кызматты көрсөтүүдө болот.

Кызматтан пайдаланууну каалагандар 1220 номерине акысыз чалып же интернет-портал аркылуу www.info.trade.kg. дарегине кирип маалымат ала алышарын экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.