Жөлөк пулду төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 млн 910 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Жалпы суммадан аз камсыздалган үй бүлөлүрдүн бир айлык жөлөк пулуна 2690,7 млн сом жана бир айлык социалдык жөлөк пулга 2219,5 млн сом коротулган.
Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматы боюнча аз камсыздалган үй бүлөлөрдүн саны 271,9 миң адамды, ал эми социалдык жөлөк пул алуучулардын саны 83,7 миң адамды түзөт.