Темир тосмо Дэн Сяопин проспектисин бойлой Интергельпо көчөсүнөн Б.Алыкулов көчөсүнө чейин орнотулат.
Тосмолор жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу үчүн, жол кырсыктарынын алдын-алуу үчүн жана шаар тургундары өтүүгө тыюу салынган жерден өтүп, кооптуу абалдарды жаратпашы үчүн коюлууда.
Алардын орнотулуучу узундугу 3,5 км ге барып, бийиктиги 1,5 метр.
Мэриянын басма сөз кызматы тосмону «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы орнотуп жатканын билдирип, мекеменин алдыдагы планында Кудайберген базарынын калк көп жүрүүчү тарабына бетон тосмолорду (парапет) жайгаштыруу бар экенин белгилейт.