Бүгүн Назаркул Ишекеевдин мамлекеттик тил комиссиясынын төрагалыгына дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Назаркул Ишекеев Кыргыз Улуттук университетинин бүтүрүп, кесиби боюнча филолог. Ал эмгек жолун КУУда окутуучу болуудан баштап, окуу жайдын проректору болуп, профессор, педагогика илимдеринин доктору болууга жетишкен. Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги, Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты, эл агартуунун отличниги, билим берүү жана тарбиялоо теориясы жана методикасы боюнча илимдин окумуштуу-профессору (кыргыз адабияты). 200дөй илимий иштерин жарыялап, ондогон илимдин кандидаттарын, докторлорун даярдаган. Билим берүү министринин орун басары кызматын аркалаган.

Буга чейин мамлекеттик тил комиссиясына Эгемберди Эрматов төрагалык кылып келген.