Түркиянын Измир шаарындагы жардыруунун кесепетинен 2 адам каза таап, 5 киши  жарадар болду.

Измирдин губернаторунун билдирүүсү боюнча автоматикалык куралдары жана гранаталары бар согушкерлер полиция менен атышып, миналанган унаа жардырылган. Жарадар болгондордун бир канчасы оор абалда экени айтылууда.

Алдын-ала божомолдоолорго ылайык, полиция чабуулчулардын экөөнү атканы менен бирөө эркиндикте жүрүүсү мүмкүн.

Тышкы иштер министрлигинин алдын-ала маалыматына ылайык каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.