Буч чечим 2017-жылдын 4-январынан тарта ишке кирди.
Жарандар паспортторун 2, 4, 8 күндүн ичинде арзан баада даярдата алышат
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
КРнын жарандарынын 2004-жылы чыгарылган паспортторун (ID-карт) тез арада даярдоодогу баалар:
— 8 күн — 442 сом;
— 4 күн — 540 сом;
— 2 күн— 639 сом.
Ал эми, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттор үчүн:
— 8 күн — 884 сом;
— 4 күн— 982 сом;
— 2 күн — 1081 сом деп бааланууда.
Мындай чечим «Инфоком» мамлекеттик ишканасындагы коррупцияны жоюу боюнча иш планды аткарууда Кыргызстандын Коргоо кеңеши тарабынан бекитилген. Ошондой эле, өкмөттүн 2015-жылы 10-декабрда «КРнын экономикасындагы дедолларизацияны жана улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому чыккан.