Ала-Тоо аянтындагы балаты 15-январда алынат

Автор -
589

 Балаты менен кошо жаңы жылга карата шөкөттөлгөн декорациялар да алынат.

Жаңы жылдык майрамдардан кийин балаты жана башка жаңы жылга тиешелүү кооздуктар чечилерин мэриянын басма сөз кызматы K-News сайтына билдирген.

Маалым болгондой, узундугу 25 метр, диаметри 12,5 метр келген балатыны орнотуп жана кооздого «Тазалык», «Бишкексвет» муниципалдык ишканаларынын 40 кызматкери эмгек кылган. Ага 1200 жаңы жылдык, 77 даана улуттук стилдеги оюнчуктар илинип, 2 км 600 метр узундуктагы гриланд тагылган.