Кечээ саат 16:15 чамасында Сүлүктү шаарынын “Белес-1” ЖЧКнун шахтасында өз алдынча кен казып иштеп жатканжарандын үстүнө таш кулап басып калган.
Кырсыктын натыйжасында аталган жаран ордунда каза болгон.
“Белес -1” ЖЧКнун кызматкерлери каза болгон маркумдун сөөгүн урандынын астынан чыгарышып, тез жардам кызматына тапшырып беришкен.