ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Сарымсак ирригациялык тармагын өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы насыялык келишимди” ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Кыргыз тарап 2014–жылы Араб координациялык тобунун кароосуна 10 ирригациялык инвестициялык долбоорду сунуш кылып, Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү аны каржылоого кызыкдар экенин билдиришкен. Долбоордун наркы – болжол менен 16,4 млн АКШ доллары турат, анын ичинде ИӨБнын насыясы – 13,3 млн доллар, ал эми КР Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу – 3,1 млн доллар.
Сарымсак сугат тармагы толук бүткөрүлсө, Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча 2000 гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө жана 1600 гектар айдоо жерди суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Талкуу жүрүшүндө депутат Ирина Карамушкина Кыргызстанга келген насыя жана гранттык каражаттар уурдалып жатканын, алар кармалса, соттор кайра бошотуп жатканын, ошондуктан көзөмөлдү күчөтүп, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарылдыгын белгиледи.