Нодирбек Мурахмедов 16-февралда саат 12:00 чамасында Базар-Коргон айылында жайгашкан үйүнүн короосунда отун жарып жатып, жанына ойноп келип калган 5 жаштагы баласын тил албайсын деп таяк менен башына эки жолу, сол жамбашына бир жолу урган.

Ошол эле күнү саат 15:00 чамасында дагы отун жарып жатып, жанына келип калган уулун четирээк ойнобойсун деп жамбашына жана башына таяк менен урган. Андан кийин саат 20:00дор чамасында үйүнүн бөлмөсүндө уулун кичинекей сыналгыны сындырып койгондугу үчүн таяк менен башынын төбөсүнө жана денесинин башка мүчөлөрүнө бир нече жолу урган.

Саат 23:00 чамасында үйүнүн бөлмөсүндө уулун жуундуруп койом дегенде уулу качып ичкери бөлмөгө кирип кетсе, артынан кирип жашы жете элек алсыз абалда болгон уулунун атайын өмүрүн кыюу максатында эки кулагынан эки колу менен кармап башынын арт жагы менен жерге бир нече жолу сүздүрүп жибергенде уулу денесинен алган жараттан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 9-сентябрындагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып 3  жылга эркиндигинен ажыратылып, ушул эле негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелинип, 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

Биринчи инстанциядагы соттун аталган өкүмгө апелляциялык тартипте сунуш Жалал-Абад областтык сотуна келтирилди.

Жалал-Абад облусттук соту иштин материалдарын изилдеп, апелляциялык сунуш менен каршы пикирдин жүйөлөрүн талкуулап, күнөөлүү деп табылып, 13 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.

Жалал-Абад облусттук сотунун өкүмү жарыяланган убакыттан баштап мыйзамдуу күчүнө кирди.