Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев “IPS- борбордун” директору (иштегенге уруксат берүү системасы) Ли Кенгхи менен жолугушту.

Ли Кенгхи төраганы жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалап өттү.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз  жарандарын Кореяга легалдуу ишке орноштуруунун санын көбөйтүү жана тармактарын кеңейтүү жана корей тили боюнча тесттин башталышы тууралуу маселерди талкуулашты.

Ошону менен бирге, Айдаралиев эмгекчилердин коопсуздугу жана социалдык жактан камсыз болуусу артыкчылыктуу багыттардын бири болушу керектигин баса белгилеп өттү.

Ли Кенгхи эмгекчилер үчүн түзүлө турган шарттар тууралуу айтып берип, кызматташууну ар тараптан улантуу зарылдыгын белгиледи.