Баткен облусунун Сүлүктү шаарында бүгүн саат14:10дө «Раимберди» шахтысында көмүр урандылары көчкөн.

Натыйжада көмүр казып жаткан 1968-жылы туулган, Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн тургунун басып калган.

Издөө иштери жүргүзүп саат 16:30да каза болгон адамдын сөөгүн шахтадан чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.