Ашхабадда бир нече ай мурун курулган жаңы аэропорттун имараты чөгүп баштады. Эмитеден эле терезелер сынып, коммуникация жарактан чыкты.

Учурда ал жерде өкмөттүк делегацияларга арналган VIP-зоналарды, учуу-конуу тилкелери баштаган аэропорт комплексин курган түрк компаниясынын адистери иштеп жатат. Аба майдандын кайсы имараты чөгүп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок.

Геологдордун айтымында, аэропорт жайгашкан аймак гидрогеологиялык жактан татаал шартка ээ. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери жер алдынан суу сордурулуп турган.​