Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик инвестицияларды тартуу жаатындагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде министрлик жана ведомстволордун инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы ишмердүүлүгүн координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул келечекте инвестицияларды тартуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугу көрсөткүчү боюнча өлкөнүн рейтингин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Сооронбай Жээнбеков өлкө карызына таасирин тийгизүүчү займдык каражаттарды тартууда жана пайдаланууда бюджеттик тартипти жана теңдемди күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өкмөттүн жана финансы министрлигинин алдында өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн жалпысынан республикалык бюджеттин толук кандуу аткарылышын камсыздоо милдети турат», — деди өкмөт башчы.

Кеңешме жыйынтыгында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков инвестиция тартуу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгууда мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды жана инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга жоопкер мамлекеттик орган жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин баса белгиледи.