Баткен шаарында Кыргыз Республиканын ӨКМге караштуу Баткен облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын 26-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн административдик имарат комплексинин ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов катышуусунда өттү.

Жаңы имарат Баткен шаарынын мэриясы тарабынан аэропортко жакын участкасында жер тилкеси куруу үчүн бөлүнүп берилип, ӨКМ тарабынан 2013-жылы курулуш иштери башталган.

Өрт коопсуздук башкармалыгынын административдик имарат комплекси Баткен облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын жана райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 26-аскерлештирилген өрткө каршы  бөлүктүн өздүк курамы тарабынан жүргүзүлгөн.

Жаңы салынган өрткө каршы  бөлүктүн имаратты 2 кабаттуу болуп, 1-кабытында техниктин, диспетчердин кабинеттери жана төрт атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар туруучу бокс, күжүрмөн эсептин окуу классы, эс алуу, чечинип кийинүүчү, ашкана жана тамактануучу, душ, автоунаалардын тетиктерин оңдоочу (слесарный), санузел, атайын өрттүк кийимдерди кургатуучу (боевка) бөлмөлөрү жайгашкан, ал эми 2-кабатында башкармалыктын жана бөлүмдөрдүн кызматтык кабинеттери жайгашкан, имарат толугу менен жылытуу системасы менен камсыздалган.

Ошондой эле комплекстин короосунда атайын булганыч сууларды топтоо үчүн  септик курулган жана керектелүүчү таза суу шаардык түтүкчөлөрүнө кошууга чейинки иштери бүткөрүлгөн.

Кубатбек Бороновдун айтымында учурда комплекстин короосунда котельная, склад,  ошондой эле волейбол, баскетбол жана кичи футбол аянтчаларынын  курулуштары каралууда. Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максаттында жана күжүрмөн-кесипкөйлүүлүгүн арттыруу үчүн машыгуу аянтчасынын курулушу да каралган.