Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам берүү уланууда. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымат боюнча, бүгүнкү күнгө чейин өКМ тарабынан жардам берүү түйүндөрүнө 9 тонна кийим-кече, 1 тонна ун, 100 кг макарон, 30 литр өсүмдүк майы, 30 кг тамак-аш жана 65 290 сом акча түштү.

Жардам берүүнү каалагандар ӨКМдин Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен жана Бишкек шаардык башкармалыктарында ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Гонконгдон Стамбулга бараткан учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык учак “Манас” аэропортуна май куюу үчүн конууган аракет кылып, учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Бул кырсыктан 37 адам каза тапкан жана турак-жайлар жабыркаган.