Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Данияр Төлөнов парламенттин вице-спикери болуп шайланды.

Жалпы катталган депутаттардын саны 107 болсо, Төлөновдун талапкерлигине 104 депутат «макул», 3 депутат «каршы» деп добуш беришти.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-декабрында Нурбек Алимбеков («Кыргызстан») Тайванга барганы үчүн Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кеткен.

Кечээ, 18-январда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында вице-спикерликке Данияр Төлөновдун талапкерлиги жактырылган.