Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал эми Тайырбек Сарпашев берген арызына ылайык, иликтөө иштери аягына чыкканга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин Максим Бакиевдики деген жердин сатылышына байланыштуу Башкы прокуратура Сарпашевди иштен алууну премьер-министрге сунуштаган. Өкмөт бул маселе иликтөөдөн кийин чечилерин билдирген.