АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы эки жыл ичинде Мексика чегине дубал курууга төрт миллиард доллардан ашык каражат бөлөт.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, бул максатка жумшалчу чыгымдар Конгресстин кароосуна жөнөтүлгөн бюджет долбоорунда көрсөтүлгөн.

Февралда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги дубалдын курулушун 20 миллиард доллардан ашык суммага баалаган. Долбоордун акыркы баасы майдын ортосунда, Трамп дубал курулушунун кеңири сметасын сунуштаганда белгилүү болот.

Трамптын башкы максаттарынын арасында көптөгөн иш орундарын түзүү жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү чаралары бар. Январдын соңунда президент Кошмо Штаттар менен Мексиканын чегине дубал тургузуу тууралуу жарлыкка кол койгон. АКШ президенти алгач дубалдын курулушуна кетчү чыгымдарды жарым-жартылай Мексика өкмөтү төлөй турганын билдирген, бирок кийинчерээк бул пландарынан баш тарткан.