Кочкордо мал союучу цех салынууда

Автор -
361

Нарын облусунун Кочкор районунун Жаны-Жол айылында биринчи жолу мал союучу цех салынып жатат. Мамэкотехинспекциянын адистери салынып жаткан курулушка баштапкы этабынан тартып көзөмөл жүргүзүп жатат.

Салынып жаткан цех толугу менен коюлган экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бериши абзел.

«Мындай ири ишкана Кочкор районунда биринчи жолу салынып жаткандыктан,  инспекторлор курулуштун ар бир бөлүгүн кылдат текшерип, кемчиликтер аныкталса жеринде көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Курулуш иштеринде коопсуздук маселелерин Мамэкотехинспекциянын инспекторлору гана эмес, ишкерлер өзүлөрү дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек», – деп Мамэкотехинспекциянын инспекторлору кошумчалады.