Бишкек мэриясы тургундарына «Күн балыктарын» тартуулады

Автор -
347

Бишкек шаарынын Совет жана Токтогул кѳчѳлѳрүнүн кесилиштеринде 31-май күнү “Кун балыктары” фонтаны ачылды. Маарекени ачуу үчүн Бишкек шаарынын Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков жана шаардык кеңешинин депутаттары чакырылган. Андан тышкары, бул аземге шаардын тургундарынын катышуусунда ѳттү. Болотбековдун айтуусунда, жогорудагы долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардык бюджет тарабынан 3,5 млн сом бѳлүнгѳн.

“Бул жер шаардын жашоочуларынын жана конокторунун кѳңүл чордонуна айлана турган жай болот деп ишенебиз. Жана ошондой эле, фонтандын жанында ар түрдүү маарекелерди, иш чараларды ѳткѳрүүгѳ ылайыкташтырылды. Шаар тургундарын жана конокторун бул жайга аяр, этияттык мамиле кылуусун суранып кетет элек. Учурдан пайдаланып, кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайбыз”, – деди район акими.

Эске сала кетсек, “Күн балыктары” фонтаны 1982-жылы орнотулган. Ал эми бул жылы Бишкек мэриясы фонтандын шаардык бюджет тарабынан каржыланып, жаңыланды.