Ошто «Мээримдүү жүрөк» акциясы уланууда

Автор -
298

16-июнда «Мээримдүү жүрөк» акциясынын катышуучусу Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору Замир Юсупов болду. Ал дүкөндөн алган азык-түлүктөрдү текчеге жайгаштырып, жалпы шаар тургундарын, жеке ишкерлерди, саясатчыларды акцияга катышып, текчеге келип салым кошууга чакырды.

«Ош шаарынын жаштары тарабынан уюштурулган акцияны колдоого алып, улуу Рамазан айында өз салымымды коштум. Бул кадам бей-бечаралардын үй-бүлөсүнө чоң жардам болот деген ишеничтемин», – деди Юсупов.

«Мээримдүү жүрөк» акциясы ушул жылдын март айынан тарта жүргүзүлүп келет. Жалпысынан Ош шаарында жайгашкан ири соода түйүндөрүндө 9 текче жайгаштырылган. Бул текчелер Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган.