Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Улуу Бхарата урпактары» тарыхый драмасын көрүүчүлөрдүн сынына койду.
Спектакль улуу Индия элинин «Махабхарата» эпосунун негизинде сахналаштырылган. Кыргыз сахнасында биринчи жолу коюлушу. Чыгарманын автору Алтынай Темирова жана койгон режиссёру Шамиль Дыйканбаев.
«Премьера деп атаган жокпуз. Алгач көрүүчүлөрдүн сынына коёлу дедик. Бул драма Индия сахнасында да коюлушу мүмкүн. Ал тарап менен сүйлөшүүлөр болуп жатат», — деди театрдын директору Темирлан Сманбеков.
Эскерте кетсек, 19-20-апрель күндөрү «Улуу Бхарата урпактары» драмасынын премьерасы деп белгиленди эле. Бирок, айрым себептерден улам премьераны жылдырууга туура келген.