ӨКМ куткаруучулары чет өлкөлүк адистер менен тажрыйба алмашат

Автор -
310

ӨКМ Бишкек шаардык  куткаруу кызматы 21-июндан тартып Франциядан келген куткаруучу адистер менен биргеликте  тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүшөт. Иш чаранын жүрүшүндө Куткаруу кызматынын жетекчилиги куткаруу багытынын иш тартиби тууралуу атайын семинарөткөрүштү.

Анда куткарууда кандай техникалар колдонулаарын, жана күнүмдүк иш тартиби  менен кенен тааныштырылып, бийик имараттардагы куткаруунун ыкмаларына басым жасалды. Иш чара 2 күнгө уланып, теориялык жана практикалык негизде жүргүзүлмөкчү. Андан соң Франциянын иш ыкмалары тууралуу да бөлүшүшөт. Буга чейин чет өлкөлүк адистер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышып, куткаруу ыкмаларынын ишердүүлүгү,  тажрыйба алмашуу тууралуу кайрылуу жолдошкон.